ЕАЭБ өлкөлөрү Монголиядан товар импорттоону көбөйтүүнү көздөөдө

Евразиялык экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) убактылуу соода келишиминин алкагында Монголиядан товар импорттоону көбөйтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиясынын соода министри Андрей Слепнев билдирди.
Анын айтымында, Монголиянын жогорку сапаттагы товарларынын импортун, анын ичинде текстиль, кашемир, эт продукцияларынын көлөмүн кеңейтүү ЕАЭБдин ички рыногундагы товардык сунушту диверсификациялоого жана керектөөчүлөрдүн суроо-талабын канааттандырууга өбөлгө түзөт.
ЕЭКтин штаб-квартирасында өткөн жолугушууда ЕАЭБдин мамлекеттик органдарынын жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү Монголия менен болгон соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюу боюнча келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 27-июнунда Минск шаарында ЕАЭБ жана ага мүчө-мамлекеттер менен Монголиянын ортосунда Убактылуу соода келишими түзүлгөн.