Эми ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары Орусия менен Беларусиянын мамлекеттик чер араларынан эркин өтө алышат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 11-январынан тарта Орусия менен Беларусия ортосунда чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эки өлкөнүн аймагына кирүүсүнө байланыштуу визаларды өз ара таануу жана башка маселелер боюнча Макулдашуу күчүнө кирди.
Макулдашуу Армения, Казакстан жана Кыргызстандын жарандары үчүн Орусия менен Беларусиянын чек аралары аркылуу бул эки өлкөгө темир жол, аба жана автоунаа каттамдары менен кирип-чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Буга чейин бул үч өлкөнүн жарандары Орусия менен Беларусиянын ортосундагы чек араны болгону авиация жолу менен гана кесип өтө алышчу. ЕЭК билдиргендей, бул географиялык жагынан жакын жайгашкан өлкөлөр үчүн кошумча чыгым жана ыңгайсыздык жаратып келген.