ЕАЭБде мунай жана газдын бирдиктүү рынокторун түзүү талкууланды: 2030-жылга чейинки пландар
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфратүзүм боюнча министри Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында Мунай жана газ боюнча консультативдик комитеттин жыйыны өттү. Катышуучулар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышын, анын ичинде: Биримдиктин мунай жана мунай продуктуларынын бирдиктүү рынокторун калыптандырууну, 2030-жылга чейин газдын бирдиктүү рыногун өнүктүрүү планын иштеп чыгууну талкуулашты.
Жыйындын жүрүшүндө Арзыбек Кожошев Биримдиктин алкагында мунай-газ тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи. Анын айтымында, энергоресурстардын бирдиктүү рыноктору боюнча мамилелерди жакындатуу жана өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу — евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн негизги фактору болуп саналат.
Тараптар конструктивдүү диалогго даяр экендиктерин ырасташты. Биримдиктин 2030-жылга чейинки газдын бирдиктүү рыногун өнүктүрүү планын даярдоо боюнча мындан аркы кадамдар белгиленди. Ошондой эле ЕАЭБдин мунай жана мунай продуктуларынын бирдиктүү рынокторун түзүү тууралуу эл аралык келишимдин үстүндө иштөөнүн багыты (траекториясы) аныкталды.
ЕЭК министри ошондой эле энергия рынокторун түзүү маселелерин предметтик талкуулоону улантуу пландары тууралуу маалымдады. Кийинки сүйлөшүүлөр жакынкы арада Биримдикке мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин деңгээлинде өтөт.