ЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалууда
Евразия экономикалык биримдигинде учкучсуз жүк ташууларды киргизүү маселеси иштелип чыгууда. 2026–2027-жылдарга каралган иш-чаралар планына 1-апрелде Санкт-Петербургдагы биринчи эл аралык транспорттук-логистикалык форумдун алкагында кол коюлду, деп билдирет ЕЭКтин басма сөз кызматы.
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошевдин айтымында, бүгүнкү күндө глобалдык турбуленттүүлүк шарттарында транспортко борбордон качма күчтөрдү кармап туруучу байланыштыргыч муун ролу таандык, ал эми бул багыттагы өсүштүн негизги драйвери болуп санариптештирүү саналат.
«Алдыда бизди санариптик жана учкучсуз транспорт рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу боюнча чоң жана татаал иштер күтүп турат», — деп белгиледи ал.
Уюмдан маалымдашкандай, тараптар транспортту санариптештирүү, инфраструктураны өнүктүрүү, маалымат алмашуу жана учкучсуз технологияларды жайылтуу долбоорлору боюнча кызматташууга макулдашышты.
Ошондой эле, транспорттогу санариптик чечимдер тармагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, аналитика даярдоо, консультацияларды жүргүзүү, тажрыйба жана статистика алмашуу пландалууда.