Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн аталган уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Кыргызстанга келди. Бул туурлуу Өкмөттөн кабарлашты.
Алар 9-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышышат.
Биринчилердин болуп Казакстандын жана Беларустун премьер-министрлери Аскар Мамин менен Сергей Румас келди. Андан соң Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди. Алардын баарын вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.
Эртең өтө турган жыйында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башылары ЕАЭБ кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча 15 маселенин тегерегинде жыйын өткөрүшөт