ЕАӨБ Улуттук банктын эсептик ченди 11%га көтөрүшүнүн себептерин түшүндүрдү
Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) аналитиктери Кыргызстандын Улуттук банкынын акча-кредит саясатын катаалдаткан чечимин түшүндүрдү. Алардын айтымында, негизги ченди жогорулатуу — өлкөдөгү бааларды турукташтырууга жардам берүүгө тийиш.
Эске салсак, 25-ноябрда Улуттук банк эсептик ченди жогорулаткан, эми ал 11%ды түзөт.
Муну менен бирге «овернайт» операциялары (банктар акчаны бир күнгө алып же жайгаштырган учур) боюнча чендер да өзгөрдү:
- овернайт депозиттери боюнча чен 5%га чейин көтөрүлдү;
- овернайт насыялары боюнча чен 13%га чейин жогорулады.
Аналитиктердин баамында, чендин көтөрүлүшү инфляцияны 5–7% деңгээлиндеги максаттуу коридорго кайтарууга жана алдыдагы жылдары жалпы экономикалык туруктуулукту бекемдөөгө жардам берет.
Маалымат үчүн: Эсептик чен — Улуттук банк коммерциялык банктарга кредит бергенде колдонулуучу пайыздык чен. Бул көрсөткүч акча-кредит саясатынын негизги куралы болуп, экономикадагы акчанын баасына, демек, калк жана бизнес үчүн кредиттер менен депозиттердин пайыздык чендерине түз таасир этет.