ЕБ өкүлү кыргыз банктарын санкциялык тизмеден чыгаруу боюнча сунуштар жөнөтүлгөнүн айтты

27.02.2026 | 12:30

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Европа Биримдигинин (ЕБ) санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан менен санкциялык маселелер боюнча талкуу жүргүздү.

Жолугушууда Данияр Амангелдиев Кыргызстан тышкы экономикалык операциялардын комплаенс, финансылык мониторинг жана ачык-айкындуулук чараларын күчөтүп жатканын билдирди.

Кыргыз тарап экспорттук жана финансылык көзөмөл үчүн тышкы экономикалык чынжырдын бардык катышуучулары, анын ичинде европалык экспортчулар да жоопкерчиликтүү экенин белгиледи. Европалык жеткирүүчүлөр тарабынан контрагенттерди текшерүү, бүтүмдөрдү документтештирүү жана товарлардын акыркы колдонуучусу тууралуу маалыматтарды берүү зарылдыгы айтылды.

Финансы секторундагы абал боюнча Амангелдиев коммерциялык банктардагы контролдук механизмдер, операцияларды текшерүү жана транзакцияларды бөгөттөө боюнча аткарылып жаткан кадамдар тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле жолугушууда айрым коммерциялык банктарга карата чектөө чараларын жөнгө салууга багытталган биргелешкен чаралардын планын даярдоо маселеси каралды.

Өз кезегинде ЕБдин атайын өкүлү Дэвид О’Салливан кыргыз бийлигинин диалогго даярдыгын баалады. Ал кыргыз тарапка ата мекендик банктарды санкциялык тизмеден чыгаруу жана финансылык тобокелдиктерди болтурбоо боюнча конкреттүү сунуштар жөнөтүлгөнүн билдирди. Ошондой эле Евро биримдик экспорттук жана финансылык көзөмөл механизмдерин чыңдоо багытындагы иштердин уланышына кызыкдар экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалдарга байланыштуу Европа Биримдиги бир нече кыргызстандык банктарга санкция салган. Биримдик аталган банктар Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берүүдө деп айыптоодо.

2025-жылдын октябрь айында ЕБ Орусияга каршы санкциялардын 19-пакетин бекиткен. Алардын арасында эки кыргызстандык банк: “Толубай” акционердик коммерциялык банкы жана «Евразиялык Сактык Банкы» ачык акционердик коому бар болгон.

Мындан тышкары «Керемет Банк» алгач АКШнын, андан кийин Улуу Британиянын санкциясына кабылган. Андан соң ушул жылдын август айында Улуу Британиянын өкмөтү Кыргызстандын «Капитал Банкына» карата санкция салган эле. Аталган банктар Орусияга санкциялардан кыйгап өтүүгө көмөктөшкөн деп айыпталууда.

Scroll to Top