Кечээ, 8-июлда Саха Республикасынын борбору Якутск шаарында улуттук спорттун түрлөрү боюнча XXII Спартакиаданын – «Манчаары оюндарынын» салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Ага өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Эдил Байсалов иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Саханын боордош элине жылуу кабыл алгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирип, кыргыз жана якут элдеринин руханий жана маданий жакындыгын баса белгилеген. Ал Манчаары оюндары Кыргызстан менен Орусиянын элдеринин ортосундагы боордоштук байланыштарды бекемдөө үчүн уникалдуу аянтча болуп калганын билдирген.
«Кыргызстан Саха Республикасынын жетишкендиктерине эрте жашынан эле кызыгып, чын жүрөктөн суктанат. Биз бул жерде эң жакын туугандарыбыздын арасында жүргөндөй сезебиз», — деген Эдил Байсалов.
Ошондой эле ал советтик мезгилде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына Якутиянын тургуну Максим Аммосовдун тарыхый салымын өзгөчө белгилеген.
Анын айтымында, кыргыз-якут мамилелеринин азыркы этабы маданият, билим берүү, жаштар саясаты жана этноспорт тармактарында активдүү өз ара аракеттенүү менен мүнөздөлөт.
Кошумчалай кетсек, Манчаары оюндары Якутиянын улуттук спорттун түрлөрү боюнча эң ири спартакиадасы, ал 1990-жылдан бери өткөрүлүп келет. Оюндар төрт жылда бир өткөрүлөт. Анда Якутиянын бардык райондорунан жана Орусиянын башка аймактарынан келген миңдеген спортчулар Түндүк элдеринин салттуу спорт түрлөрү: хапсагай (улуттук күрөш), мас-рестлинг, жаа атуу, түндүк көп күрөшү, ат чабыш, улуттук чуркоо дисциплиналары боюнча күч сынашышат.