ЕЭК Кытайды евразиялык логистиканын ачкычы деп атады
Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) Пекин менен «терең кооперациясыз» өзүнүн транзиттик потенциалын ишке ашыра албайт. Мындай билдирүүнү Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфратүзүм боюнча министри Арзыбек Кожошев жасап, КЭР менен стратегиялык өнөктөштүктү аймактын транспорттук архитектурасын өнүктүрүүнүн альтернативасыз шарты катары атады.
«Жеткирүүлөрдүн глобалдык чынжырчалары трансформацияланып жаткан шартта, ЕАЭБ өзүнүн географиялык абалы жана уникалдуу транзиттик потенциалынын аркасында калыптанып жаткан транспорттук архитектуранын борбордук элементи катары чыга алат. Бирок бул потенциалды ишке ашыруу тышкы өнөктөштөр менен терең кооперациясыз мүмкүн эмес, алардын арасында Кытай негизги ролду ойнойт», — деп билдирди Арзыбек Кожошев.
ЕЭК өкүлү өз көз карашын 16-мартта Москвада өткөн «Евразия артерияларын куруудагы стратегиялык өнөктөштөр» аттуу I Россия-Кытай логистикалык бизнес-форумунун пленардык жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Министрдин айтымында, экономикалык өсүштүн жаңы уюлунун негизи — ЕАЭБдин инфратүзүмүн Кытайдын «Бир алкак, бир жол» демилгеси менен айкалыштыруу болушу керек.
ЕЭКтен азыр түзүлүп жаткан өз ара аракеттенүүнүн сапатынан евразиялык логистиканын алдыдагы ондогон жылдарга карата атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү көз каранды болорун баса белгилешти.