Бүгүн, 31-август – Көз карандысыздык күнү жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган иш-чара Чуңкурчак жайлоосунда башталды.
Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, эл аралык жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.
Анын алкагында маданий иш-чаралар, «Ынтымак» фестивалы, боз үйлөрдөн турган айыл уюштурулуп, концерттик программа тартууланат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда