Эки адамды аёсуз сабагандар “Тез жардам” кызматына каршылык көрсөтүшкөн (видео)
3.09.2019 16:05
Бишкекте мыкаачылык менен сабалган эки адамды “Тез жардам” кызматы ооруканага алып кетер алдындагы видео интернетке жарыяланды.
Андагы тасмадан эки адамды мыкаачылык менен сабагандар “Тез жардам” кызматкелери менен айтышып, сабалгандардын ооруканага жеткирилишине каршылык көрсөтүп жатканын көрүүгө болот.
Шаардык милициянын маалыматына караганда, үрөй учурган окуя 28-август күнү саат 7:00дөр чамасында Жал кичи районундагы “Ярмарка” дүкөнүнүн жанында болгон.
Кылмышка шектүүлөр 1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен 1999-жылы туулган Сейитбеков Калысбек Сейитбекович экенин аныктап, милиция аларга издөө жарыяланган.
Бүгүн, 3-сентябрда Ленин райондук прокуратурасы шектүүлөрдү милиция кызматкерлери алып кеткенин аныктап, аларга кылмыш иши козголгонун жарыялады.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.