Эки саатта эки жүз миңден ашуун шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
“Саат 10:00гө чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы шайлоо участокторунда 236921 шайлоочу добуш берди. Бул Кыргызстандагы 3 523 554 шайлоочунун 6,72 пайызын түзөт”, — деди Шайлдабекова.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 2475 шайлоо учаскасы иштеп жатат. Алардын 45и чет өлкөлөрдө, ал жактагы кыргыз мигранттарына ачылган. Кыргызстанда жалпы 3 523 554 шайлоочу бар, алардын 32 602си чет өлкөлөрдө.
Парламенттик шайлоого 16 саясий партия ат салышып, алардан 120 мандатуу Жогорку Кеңешарналганке 1912 адам талапкер болуп катталган.