Site icon Reporter.kg

Экоактивист Грета Тунбергдин XIX кылымдагы сүрөтү табылды — фото

Вашингтон университетинин архивинен табылган ХIX кылымга таандык сүрөттөгү кыз ХХI кылымдагы эң жаш экоактивист кыз Грета Тунбергге окшош болуп чыкты. Бул тууралуу британдык басылмалар жазды.

Архивден табылган сүрөттө жаш балдардын кудуктан суу алып жатканы көрүнүп турат. Алардын арасындагы өспүрүм кыз Грета Тунбергге куюп койгондой окшош.

Басылманын маалыматына караганда, сүрөт 1898-жылы Канаданын түндүгүндөгү Юкон шаарында тартылган.

Учурда аталган сүрөт социалдык тармактарга тарап, көпчүлүктүн талкуусуна түшкөн.

Белгилей кетсек, экоактивист Грета Тунберг Нью-Йорк шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган жыйынында экологиялык кризис тууралуу көзүнө жаш ала сүйлөгөнү менен дүйнө жүзүнө таанымал болгон.

Ошондой эле ал октябрь айынын соңунда Түндүк Европа мамлекеттери тарабынан түзүлгөн Түндүк кеңештин экологиялык сыйлыгын жана 52 миң долларын алуудан баш тартып койгон.

Exit mobile version