Экологиялык сот адилеттигине жетүү маселелери боюнча конференция өтүүдө

Экологиялык сот адилеттигине жетүү маселелери боюнча конференция өтүүдө

Кыргызстандын Жогорку соту менен Судьялар Ассоциациясы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын, USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун колдоосу менен Чолпон-Ата шаарында сот адилеттигине жетүү маселелери боюнча судьялардын эл аралык конференциясын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Конференцияга жүзгө жакын мамлекеттик кызматкерлер, соттор, юристтер, эл аралык эксперттер жана экологдор катышууда. Ошондой эле Кыргызстандын, Азербайжандын, Армениянын, Казакстандын, Молдованын, Тажикстандын жана Өзбекстандын сот системасынын, ошондой эле БУУнун Өнүктүрүү программасынын, БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын, ЮСАИДдин жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

«Катышуучулар экологиялык сот адилеттиги маселелеринин карап чыгып, региондун сот системалары ортосунда баарлашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүгүн ачышат. Конференциянын негизги максаты-экологиялык укуктар жана сот адилеттиги жаатындагы саясатты ишке ашырууда сот тутумдары менен башка кызыктар тараптардын ортосундагы аймактык кызматташууну бекемдөө болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Иш-чарада президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов окуп берди. Президенттин сөзүндө климаттын өзгөрүшү дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө, анын ичинде миң жылдык мөңгүлөрү бар Кыргызстанга да таасирин тийгизип жатканы айтылды. Ошондуктан экология маселелери жана жашыл экономика Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

«Бүгүнкү конференция Борбор Азия, Чыгыш Европа жана Кавказ өлкөлөрүнүн сот коомчулугунун, экологиялык сот адилеттигине жетүү менен байланышкан маселелерди чечүү боюнча эл аралык уюмдардын күч-аракеттерин бириктирүү жана ачык диалогду өнүктүрүү үчүн келечектүү аянтча катары өтө маанилүү.

Судьялардын эл аралык жогорку деңгээлдеги конференциясы Кыргызстандын Жогорку сотунун демилгеси менен биринчи жолу биздин аймакта өтүп жатканы өтө кубанычтуу болду. Албетте, мындай иш-чаранын Кыргызстандын бермети болгон касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жатканы да символикалуу болуп калды деп айтаар элем.

Бүгүнкү конференциянын темасы абдан актуалдуу жана өз учурунда болуп жатканын баса белгилеп кетейин. Анткени биз ааламдашуу доорунда жашап жатабыз. Ал азыркы коомдун өнүгүүсүнүн жалпы дүйнөлүк тенденциясы катары адам ишмердүүлүгүндөгү бардык чөйрөнү,  анын ичинде сот системасын да камтыйт. Ошону менен бирге ааламдашуу  процесси ар бир мамлекеттин укуктук системасына таасирин тийгизип, анын өнүгүү жолун аныктоочу негизги факторлордун бирине айланды. Бул көрүнүш кесипкөй юридикалык коомчулуктан өз ара байланыштын, карым-катнаштын жаңы ыкмаларын, консолидациялоо жана координациялоо механизмдерин иштеп чыгууну талап кылат», — деп айтылат Жапаровдун кайрылуусунда.

Андан соң Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков өз сөзүндө жаратылыштын чек арасы, улуту, салт-санаасы, тили жана жеке кызыкчылыктары жок экендигин, экологиялык көйгөйлөр баарыбызды тынчсыздандырарын жана аларды ушундай масштабдуу аракеттер менен гана чечүү керек экендигин айтты.

«Мындай аракеттерде мамлекеттик бийликтин бир бутагы болгон сот бийлиги да четте калбашы керек. Бирок, экологияга байланышкан талаш-тартыш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу зарыл деп ойлойм. Анткени,  жылдап соттошуу экологияга терс таасирин тийгизип келүүдө. Андыктан, сотто ири өлчөмдөгү жана татаал иштер тез жана ыкчам каралышы керек.

Экологиялык адилеттүүлүктүн маңызы азыркы жана келечек муундар үчүн татыктуу жана бакубат жашоону камсыз кылуу үчүн экологиянын бузулушуна каршы күрөшүү жана адилетсиздикти жок кылуу болуп саналат. Мындай маселелерде судьялар жогорку профессионалдуулукту, принципиалдуулукту жана адилеттүүлүктү көрсөтүшү зарыл. Мына ушул багытта бүгүн  боло турган экологиялык сот адилеттүүлүгү боюнча эл аралык конференция жемиштүү болот деген ойдомун», — деди Базарбеков.

БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева белгилегендей, БУУӨП глобалдык деңгээлде экологиялык адилеттүүлүктү жактап, тынчтыкты сүйүүчү, инклюзивдик коомдорду түзүүгө, сот адилеттигине жетүүнү жакшыртууга жана жоопкерчиликтүү институттарды өнүктүрүүгө чакырган №16 Туруктуу Өнүктүрүү Максатына өзгөчө көңүл бурат.

«Бирок, бул глобалдык принциптердин чыныгы күчү аларды ишке ашырууда жана аймактык жана улуттук деңгээлде колдонууда. Экологиялык адилеттүүлүк менен байланышкан көп кырдуу чакырыктарга жооп берүү үчүн БУУӨП отчеттуулукту күчөтүүгө, «экологиялык укуктарды» коргоого жана экологиялык укук үстөмдүгүн бекемдөөгө багытталган экологиялык адилеттүүлүктүн комплекстүү глобалдуу стратегиясын иштеп чыкты. Бул глобалдык стратегиялар Кыргызстандын жана бүткүл аймактын өзгөчө муктаждыктарын жана шарттарын эске алуу менен адаптацияланышы зарыл», — деди Соловьева.

Кыргызстандагы демократия жана миссияны башкаруу бөлүмүнүн директорунун милдетин аткаруучу Дэвид Хунзикер мамлекет башчысына жана иш-чаранын уюштуруучуларына терең ыраазычылыгын билдирди.

«Сотторду, экологиялык эксперттерди жана министрликтердин жана ведомстволордун жогорку өкүлдөрүн чогулткан бул конференция, албетте, жергиликтүү, улуттук жана дүйнөлүк деңгээлдеги өзгөрүүлөрдү стимулдаштыруу үчүн чоң потенциалга ээ», — деп белгиледи Дэвид Хунзикер.

Беш пленардык сессияда 15 баяндама жасалат. Эл аралык конференциянын жүрүшүндө: экологиялык адилеттүүлүктү алга жылдыруудагы эл аралык тенденциялар жана укук үстөмдүгү, экологиялык процесстик укуктар, экологиялык адилеттүүлүктүн кызыкчылыгында эл аралык кызматташтыкты бекемдөө, экологиялык адилеттүүлүктү алга жылдыруудагы сот системаларынын эл аралык тажрыйбасы, Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө экологияны соттук коргоону ишке ашыруу тажрыйбасы, ошондой эле экологиялык адилеттүүлүктүн кызыкчылыгында региондук кызматташтыктын келечектери талкууланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>