Экономика министрлиги ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийди 2022-жылга чейин узартууну сунуштоодо

Экономика министрлиги ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийди 2022-жылга чейин узартууну сунуштоодо

Экономика министрлиги ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийди 2022-жылдын 1-январына чейин узартууну сунуштоодо.

 «Өлкөдөгү экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана бизнес чөйрөнүн активдүүлүгүн камсыз кылуу максатында Экономика министрлиги тарабынан өкмөттүн 2018-жылдын 17-декабрындагы №586 «Ишкерчилик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору иштелип чыгып, өкмөттүн аппаратынын кароосуна сунушталды. Ага ылайык, ишкерчилик субъекттерин текшерүүгө киргизилген мораторийдин мөөнөтүн 2022-жылдын 1-январына чейин узартуу каралган», — деп билдирет Экономика министрлиги.

Министрликтен белгилешкендей, өкмөттүн аталган токтомунун 1-пунктунда айтылгандай, мораторий 2019-жылдын 1-январынан тарта 2021-жылдын 1-январына чейин киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>