Экономика жана коммерция министрлигине кызматтык автоунаалар тапшырылды

Экономика жана коммерция министрлигине кызматтык автоунаалар тапшырылды

Бүгүн, 9-июнда Экономика жана коммерция министрлигине кызматтык автоунаалар өткөрүлүп берилди. Унаалардын ачкычын өкмөт башчы Адылбек Касымалиев тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Өкмөт башчы финансисттер менен экономисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын кесибинин маанилүүлүгүн белгилеген. Ал акыркы жылдардагы ИДПнын туруктуу өсүү темпи жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясаттын натыйжалуулугун көрсөтүп тураарын билдирген.

«Экономисттер менен финансисттер —азыркы замандын негизги кызматкерлери. Дал ушул сиздер бардык министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарын жана демилгелерин бириктирген, алдыга карай багыттарды көрсөткөн социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгасыздар», — деген өкмөт башчы.

Иш-чаранын соңунда Адылбек Касымалиев Экономика жана коммерция министрлигинин автопаркынын жаңыланышы ведомствонун мобилдүүлүгүн жана натыйжалуугун жогорулатат деген ишенимин билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>