Эксперт: Сириянын жаңы бийлиги Борбор Азияга коркунуч жаратышы мүмкүн

Эксперт: Сириянын жаңы бийлиги Борбор Азияга коркунуч жаратышы мүмкүн

Сириядагы жаңы бийликтин түзүлүшү жана уйгур согушкерлеринин ролу Борбор Азияга жаңы коркунучтарды жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Каир университетинин окутуучусу, чыгыш таануучу жана арабист Армин Акопян “Reporter.kg” басылмасына билдирди.

Анын айтымында, Башар Асаддын бийлиги кулагандан кийин Сирияда «Ислам Үммөтүнүн» идеяларына негизделген жаңы өкмөт калыптанууда. Бул түзүлүштүн курамында 3500гө жакын этникалык уйгур согушкерден турган топтор активдүү роль ойноодо.

«Египеттик ММКлар жана эксперттер бул уйгур бөлүктөрү Сирияга коңшулаш мамлекеттерге каршы колдонулушу мүмкүн деп кооптонушууда», — деп белгилейт Акопян.

Анын пикиринде, “уйгур фактору” Кытайга багыттала турган жолдун негизги бөлүгү катары Борбор Азия аркылуу өтүшү мүмкүн.

Мындан тышкары, эксперт аймактагы мыйзамсыз миграция жана туруктуулукка байланыштуу коркунучтарды да эске салып, Борбордук Азиядан Египетке агылган мыйзамсыз мигранттар жергиликтүү коомчулуктагы шектенүүлөрдү күчөтүп жатканын кошумчалады.

Эльвира Сатыбекова, атайын Reporter.kg үчүн.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>