Бүгүн, 1-апрель күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде, министрдин орун басары Равшан Рысбаев Ош облусунун Кара-Суу районундагы ункомбинатына ундун жерине жеткирүү иштерин уюштурду. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн бөлүнгөн ундар графике ылайык жер-жерлерге жеткирилет. Бул жумуш Өзгөчө кырдаалдар министри Аскаровдун жеке көзөмөлүндө.
Унду бөлүштүрүү иштерин жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан жүргүзүлөт.