WhatsApp аркылуу Кыргызстандык жарандарды алдаган эл аралык шылуундарга жардам берип жүрүшкөн деген шек менен 22, 21 жана 19 жаштагы адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кармалгандар Кыргызстандын уюлдук операторлорунун сим-карталары менен WhatsApp аккаунттарын массалык түрдө ачышып, андан кийин аларды эл аралык шылуундарга сатып жүрүшкөн. Ал эми шылуундар бул аккаунттар аркылуу Кыргызстандын жарандарын акчага алдап жүрүшкөн.
Атайын кызмат натыйжада миңге жакын мобилдик мессенжер аккаунту активдештирилип, эл аралык алдамчыларга өткөрүлгөнүн билдирди. Ал эми эл аралык алдамчылар чет өлкөлөрдө туруп, аталган аккаунттарды пайдалануу менен Кыргызстандын жарандарына өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле Улуттук банктын, министрликтердин, мекемелердин жана башка мамлекеттик уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери катары көрсөтүшкөн.
Алар ар кандай шылтоолор менен жарандарга, алардын эмгек ишмердүүлүгү, мүлкү жана электрондук капчыктары боюнча текшерүү жүрүп жатканын айтышып, алдашкан. Натыйжада жарандар алданып өздөрүнүн акча каражаттарын, анын ичинде мүлктөрүн алдамчылардын пайдасына өткөрүп беришкен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча иш козголгон. Шектүү катары кармалган А.У.А., К.А.У. жана Э.Э. аттуу жарандар УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынган.
УКМК мобилдик мессенжерлердин аккаунттарын ар кандай жолдор менен, анын ичинде мобилдик тиркемелер жана интернет платформалар аркылуу да бөтөн адамдарга өткөрүп берүүгө же сатууга жол берилбестигин эскертет. Айрым учурларда бул аракеттер алдамчылыкка жана башка кылмыштарга кошо катышуу катары каралып, бул үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жоопкерчилиги каралганын билдирди.