Site icon Reporter.kg

Эл аралык турнир: Кыргызстандын балбандары командалык эсепте 4-орунду ээледи

FS 70kg - Ernazar AKMATALIEV (KGZ) df. Evgenii ZHERBAEV (RWF)

Бир күн мурун Алматыда аяктаган Болат Турлыхановдун кубогуна арналган турнирде Кыргызстандын эркин күрөшчүлөрү төртүнчү командалык орунду ээледи. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалды.

Кыргызстандын спортчуларында эки алтын – Эрназар Акматалиев менен Бекболот Мырзанар уулу жана Саякбай Усуповдун бир күмүш медалы бар.

Биринчи орунду Казакстан, экинчини Индия, үчүнчүнү Иран ээледи.

Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча балбандар бешинчи орунга ээ болушкан. Аларда бир алтын жана үч күмүш бар.

Exit mobile version