Өкмөт үйүнүн алдында митингге чыккандарга Улукбек Марипов чыкпайт, ал Орусиянын Казань шаарында жүрөт.
Буга чейин өкмөт үйүнүн алдында Баткендеги чек ара чырына байланыштуу өтүп жаткан митингде, чогулган эл премьер-министр Улукбек Мариповдун чыгуусун талап кылган.
Маалым болгондой, Марипов делегация менен ЕАЭБдин жыйынына Татарстандын Казань шаарына кеткен.