Кечээ, 9-июлда Тирана шаарында Кыргызстандын Албаниядагы элчиси Руслан Казакбаев Албаниянын президенти Байрам Бегайга Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу элчи өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Албаниянын ортосундагы саясий, парламенттер аралык, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүү маселелери талкууланган.
Жолугушуунун соңунда элчи өлкө башчы Садыр Жапаровдун атынан президент Байрам Бегайды Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө, ошондой эле Албаниянын спортчуларын 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырган.
Ошондой эле, 8-июлда элчи Руслан Казакбаев Албаниянын Тышкы жана Европалык иштер министрлигинин Мамлекеттик протоколунун директору Ариан Спассага Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырган. Мындан тышкары Албаниянын Европа жана тышкы иштер министринин орун басары Эндрит Йзейрай менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулаган.