Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Санкт-Петербургдагы кыргызстандык мигранттардын массалык уулануусу боюнча маалымат берди.
Маалым болгондой, тамакка ууланып ооруканага жаткырылган 27 кыргыз жараны Санкт-Петербург шаарына курулуш иштерин аткаруу үчүн Лахт-Центрге келишкен. Иш берүүчү «Прайдекс» ЖЧКсы аларды жатакана жана үч маал тамак менен камсыз кылган.
«Жарандар азыркы учурда С.П. Боткин атындагы клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышат. Алдын-ала маалыматтар боюнча, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Роспотребнадзор тарабынан текшерүү жүрүп, суунун жана тамак-аштын үлгүлөрү алынган», — деп айтылат маалыматта.
Элчиликтин Санкт-Петербургдагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери окуянын чоо-жайын такташууда.
Эскерте кетсек, буга чейин Россиядагы жергиликтүү басылмалар кыргызстандык 27 мигрант тамакка ууланып, ооруканага түшкөнүн жазышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз