Электр энергиянын тарифи кайра каралышы керек, — министр

Электр энергиянын тарифи кайра каралышы керек, — министр

Быйыл электр энергиянын баасы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу 27-июлдагы маалымат жыйында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл электр энергиянын баасы өзгөрбөйт, бирок келерки жылы тарифтер кайра каралышы керек. Бул маселени коомчулуктун талкуусуна алып чыгуу зарыл.

Бекмурзаев белгилегендей, электр энергиянын азыркы баасы өзүн актабайт. Мындан улам тарифтер азыркыдай кала берсе, энергетика тармагы оор абалга кептелиши мүмкүн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>