«Электр станциялары» ишканасынын жетекчиси алмашты

«Электр станциялары» ишканасынын жетекчиси алмашты

«Электр станциялары» ишканасынын жетекчиси Жолдошбек Ачикеев кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Электр станциялар» ишканасынын генералдык директору Ачикеев Жолдошбек Ишенбаевич өз арызы менен 1-февралда иштен кеткен. Компаниянын директорлор кеңеши тиешелүү чечимди кабыл алган.

Ушул эле күнү Бектенов Таалайбек Эркинбекович генералдык директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Жолдошбек Ачикеев 2020-жылдын 27-февралынан бери  «Электр станциялар» ишканасынын генералдык директору болуп иштеп келе жаткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>