Президент Садыр Жапаров “Төлөм системасы жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Алар мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан үстүбүздөгү жылдын 13-мартында кабыл алынганын эске салышты.
«Мыйзам мурда банктар тарабынан гана көрсөтүлүүчү банк операцияларынын/кызматтарынын чектелген тизмесин тестирлөө максатында түзүлгөн төлөм уюмдарынын бири үчүн атайын жөнгө салуу режимин ийгиликтүү аяктагандан кийин иштелип чыккан жана электрондук акча чыгарууга укугу бар субъекттерди кеңейтүүгө багытталган, бул Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү көбөйтүүгө багытталган», — деп айтылат маалыматта.
Мыйзамда төлөм уюмдарына электрондук акчаларды чыгарууга уруксат берүүгө байланыштуу “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет.