“ЭлТР” телеканалынын жамааты башкы директор болуп дайындалган Шаиста Шатманова менен иштешпейбиз деп премьер-министр Садыр Жапаровго кат жолдошту.
Кайрылуу кат Өкмөттүн маалымат саясат бөлүмүнөн келген Бактыбек Рысалиевге тапшырылган.
Ошондой эле телеканалдын эмгек жамааты, чогулуп, өкмөт башчыга ачык кайрылуу жолдошкон.
https://www.facebook.com/ilyas.baltashev.1/posts/2468172916818754
Белгилей кетсек, 19-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен Шаиста Шатманова «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору болуп дайындалган болчу.