2026-жылы Казакстандын борбору Астанада 18-июлдан 1-августка чейин «Келечектин Оюндары» аттуу эл аралык мультиспорттук турнир өтөт. Бул тууралуу казакстандык Inbusiness.kz сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда Казакстан аталган киберспорттук иш-чараны өткөрүүгө даярданууда.
Казакстандын туризм жана спорт боюнча вице-министри Серик Жарасбаев «Келечектин Оюндары» турнири өткөндөн кийин киберспортту өнүктүрүү академиясы түзүлөрүн билдирген.
Ал бул иш-чара Казакстанда киберспорттун өнүгүшүнө түрткү берерин билдирген.