Энергетика тармагындагы тартыштыктан туруктуулукка карай жол

Энергетика тармагындагы тартыштыктан туруктуулукка карай жол

Кыргызстанда жылына 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Бирок, ал жалпы керектөөнү жаппайт. Мындан улам өкмөт жыл сайын Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр жарыгын сатып алып келүүдө. Акыркы мезгилде Кыргызстандын бийлиги бул жаатта олуттуу реформаларды баштады. Энергетикалык коопсуздук деген ураан алдында өлкөдө бир топ энергетикалык долбоорлор башталды. “Reporter.kg” басылмасы бул ирет Кыргызстандын энергетикасына саресеп салат.

Кыргызстан — энергетикалык ресурстарга бай өлкөлөрдүн катарына кирбегени менен, суу ресурстарынын көптүгү ар дайым гидроэнергетика багытында чоң потенциалга ээ экенин көрсөтүп келген. Эгемендүүлүк алган жылдан бери өлкөдө энергетика тармагын өнүктүрүү маселеси күн тартибинен түшпөй, ар кандай стратегиялар сунушталып, көптөгөн долбоорлор иштелип чыккан.

Бирок тилекке каршы, бул багытта олуттуу жылыштар узак убакыт бою байкалган эмес. Энергетикалык тартыштыктын себептери жана тарыхый фон Кыргызстанда учурда электр энергиясынын орточо жылдык керектөөсү 17,5 миллиард киловатт-саатты түзөт. Бирок өндүрүлгөн энергиянын көлөмү 14-15 миллиард киловатт-сааттын тегерегинде гана болууда. Бул дефицит жыл сайын көбөйүп, өлкөнүн коңшу мамлекеттерден электр энергиясын импорттоосуна алып келүүдө.

Мисалы, 2024-жылдын өзүндө эле Кыргызстан 3,3миллиард кВ саат электр энергиясын сырттан сатып алган. Бул тартыштык эң оболу өндүрүш кубаттуулугунун жетишсиздигинен жана эскирген жабдуулардан улам келип чыккан. Учурда өлкөдө иштеп жаткан 7 ири гидроэлектр станциясынын (Токтогул, Күрпсай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон,Камбар-Ата-2, Ат-Башы) жабдууларынын 80%га жакыны эскирген.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларындагы жылуулук электр борборлорунун (ЖЭБ) жабдууларынын 60%дан ашыгы пайдалануу мөөнөтүн өтөп бүткөн. Бул жагдай өндүрүштүн натыйжалуулугун төмөндөтүп, энергия жоготууларынын көбөйүшүнө себеп болууда. Буга кошумча, көп жылдар бою энергетика тармагындагы коррупция, максатсыз каржылоо жана ири долбоорлордун ишке ашпай калышы да маселени курчуткан.

Мисалы, мурдагы президенттердин тушунда алынган ири насыялар менен энергетикалык тармакты өнүктүрүү пландалганы менен, акча каражаттары натыйжалуу жумшалган эмес. Иш жүзүндө бир дагы ири ГЭС курулбай, тармактагы абал жылдан-жылга оорлошуп келген.

Кылым долбоору Кыргызстандагы энергетикалык коопсуздуктукамсыздоодо эң маанилүү долбоор — бул Камбар-Ата-1 ГЭСи.

Бул станция Борбор Азиядагы эң ири ГЭСтердин бири болуп эсептелет. Анын орнотулган кубаттуулугу1860 МВт болуу менен, жылына 5,6 миллиард кВт саатка чейин электр энергиясын өндүрө алат. Аталган долбоор Кыргызстандын гана эмес, Борбор Азиянын суу-энергетикалык тең салмагын камсыздоо, регионалдык интеграцияны бекемдөө жана ири суу сактагычтар аркылуу агрардык секторду колдоо максатында да чоң мааниге ээ. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип жүргүзгөн масштабдуу долбоор болуп саналат. Учурда анын биринчи этабы ишке ашып жатат жана 2031-жылы биринчи агрегатты ишке берүү пландалууда. Бул ГЭС ишке кирсе, өлкөнүн ички муктаждыгынан ашкан энергияны CASA-1000 долбоору аркылуу Түштүк Азияга экспорттоо мүмкүнчүлүгү да жаралат. Бул Кыргызстанды Борбор Азиядагы энергия экспорттоочу өлкөлөрдүн катарына кошмокчу. Жаңыртуу жана реконструкция иштери Энергетика тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири – жабдуулардын эскилиги. Бул маселени чечүү максатында акыркы эки жылда масштабдуу жаңылоо иштери жүрүп жатат. 2024-жылдын март айында Токтогул ГЭСиндеги №1 гидроагрегатты жаңыртуу иши аяктап, кошумча 60 МВт кубаттуулук ишке киргизилди. Бул жабдуунун жаңылануусу менен ГЭСтин ишенимдүүлүгү жана узак мөөнөттөгү эксплуатациясы камсыздалды. Ошондой эле Күрпсай ГЭСинде №3 гидроагрегатты капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Жалпысынан, 2025-жылдын аягына чейин Токтогул каскадындагы бардык ГЭСтердин негизги агрегаттары жаңыртылат. Бул өндүрүштүн туруктуулугун камсыздап, энергетикалык системанын ишенимдүүлүгүн арттырат. Чакан ГЭСтер жана кайра жаралуучу булактар Акыркы жылдары өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди куруу иштери активдешти. 2023-жылы Кыргызстанда 10 чакан ГЭС ишке киргизилип, 2024-жылы дагы 15 ГЭСти куруу пландалууда. Жалпысынан, чакан ГЭСтердин кубаттуулугу 121 МВттан ашат. Мындан сырткары, күн жана шамал энергиясын колдонууга багытталган кайра жаралуучу булактарды өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Баткен облусунда 250 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулуп жатат. Жалпысынан 2024–2025-жылдары 400 МВттан ашкан күн долбоорлорун ишке ашыруу каралууда.

Атомдук энергетика Климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн азайышы жана шамал-күндүн туруксуздугу шартында альтернативдүү энергия булактарына болгон кызыгуу күчөдү. Кыргызстандын айрым эксперттери чакан атомдук станцияларды курууну сунуштап жатышат. Мисалы, Кара-Балта жана Кызыл-Кыя шаарларында чакан атомдук электр станцияларын куруу менен Чүй жана Ош облустары толук камсыздалып, башка аймактардагы жүктөм жеңилдейт. Учурдагы атомдук станциялар “тынчтык атому” принциби менен иштеп, жогорку коопсуздук стандарттарына жооп берет. Демек, туура пландоо жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу аркылуу атом энергетикасы Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун бекемдөөнүн дагы бир жолу болушу мүмкүн. Энергия үнөмдөө жана “жашыл” концепция Энергия өндүрүүнү көбөйтүү менен катар, аны үнөмдөө – дагы бир маанилүү багыт.

Мамлекет энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу үчүн Бишкек шаарында регионалдык борбор түзүүнү демилгелеп жатат. Мындай борборлор билим берүү, технологиялар жана саясатта туруктуу энергияны колдоону шарттайт. Кыргызстан“жашыл экономика” концепциясына баш ийип, көмүртек нейтралдуулугуна жетүү максатында таза энергия булактарына артыкчылык берүүдө.

Кыргызстанда энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү багытында соңку жылдары олуттуу кадамдар жасалууда. Эскирген жабдуулар жаңыланып, жаңы станциялар курулуп, ири масштабдуу долбоорлор ишке кирип жатат. Камбар-Ата-1 ГЭСи, Суусамыр–Көкөмерен каскады, күн жана чакан ГЭСтер, мүмкүн болуучу атом станциялары – мунун баары өлкөнү энергетикалык туруктуулукка алып баруучу багыттар. Эгер бул стратегиялар толук ишке ашса, жакынкы 5–10 жылда Кыргызстан энергетиканы импорттогон эмес,экспорттогон өлкөгө айланышы толук ыктымал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>