Эркек киши Ташиев менен досмун деп, аялды 330 миң долларга алдап кеткен

10.10.2025 | 14:49

Соцтармактарда акчасын кайтарбай жаткандыгы үчүн бир аял эркек кишини урушуп жаткан видео тарады. Аялдын айтымында, ал акчаны берерден мурда эркек өзүн Камчыбек Ташиев менен жакшы мамиледе экенин айтып, ал кепил боло алат деп ишендирген. Видеодо эркек киши узак убакыттан бери Ташиев менен иштешкенин жана ал аркылуу УКМКнын төрагасы байыганын айткан.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Алай районунун К.Ш.Ш. аттуу тургуну бир аялдан Бишкек ТЭЦине көмүр жеткирүү боюнча тендерди алуу шылтоосу менен 210 миң доллар жана BMW X7 үлгүсүндөгү унааны алган. Акчаны алгандан кийин ал дайынсыз жоголгон. Жалпысынан 330 миң доллар зыян келтирилген.

Күч органдары тарабынан шектүү кармалып, СИЗО-1ге камакка алынган. Ал өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Scroll to Top