Бишкектин борбордук Эркиндик проспектисинде белгисиз бирөө 28 көчөттү сындырып кеткен. Бул факт боюнча укук коргоо органдары “Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Милиция шектүү катары 28 жаштагы Б.Ю. аттуу жаранды кармады. Ал көрсөтмөсүндө кылмышты мас абалда жасаганын мойнуна алган.
Учурда соттук териштирүү жүрүп, ага сотко чейинки сыртка чыкпоо тил каты алынган. Мындан тышкары, келтирилген экологиялык зыяндын ордун толтуруу маселеси каралууда.
Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иш тергелүүдө.