Эрмек Омуралиев Кыргызстандын Италиядагы элчиси болуп дайындалды

Эрмек Омуралиев Кыргызстандын Италиядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президенттин ушул эле жарлыгы менен Эрмек Омуралиев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Ал бул кызматтарды бирге алып барат.
Эрмек Омуралиев – дипломат, 53 жашта. Ал Тышкы иштер министрлигинин тутумунда 1990-жылдардын ортосунан бери эмгектенип келет. ТИМдин борбордук аппаратында Батыш өлкөлөрү башкармалыгынын атташеси жана катчысы кызматтарын аркалаган. Ошондой эле министрликтин Экономикалык дипломатия департаментин жетектеп, инвестиция тартуу, экспортту илгерилетүү жана туризм маселелерин көзөмөлдөгөн.
Андан кийин Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинде консул жана соода кеңешчисинин милдетин аткаруучу кызматтарында иштеген.
2015–2016-жылдары Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору болуп эмгектенген. Аталган кызматтардан кийин кайрадан Тышкы иштер министрлигинин тутумунда ишин уланткан.