Эрнисбек Ормоков: Манас шаарын борборго айлантууга даярдык жетишсиз

Манас шаарынын (мурдагы Жалал-Абад) мэри Эрнисбек Ормоков азыркы тапта Манас шаарын өлкөнүн борборуна айлантууга даярдык жетишсиз экенин айтты. Бул тууралуу ал «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирген.
Мэр борборду Манас шаарына которуу тууралуу эч нерсе деп айта албай тургандыгын айткан.
“Борборду Манас шаарына которуу тууралуу мен эч нерсе деп айта албайм. Бирок, саясатчылар социалдык тармактардан өздөрүнүн ушундай сунушун, ой-пикирлерин айтышууда. Эгер борбор Манас шаарына которула турган болсо, биз аны сүйүнүч менен кабыл алабыз”,- деген ал.
Ошондой эле Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарын Манас шаарына өзгөртүү жана шаарды өнүктүрүү иштеринин жүрүшүн өлкөнүн борборун Манаска которууга даярдык деп эсептебей тургандыгын билдирген.
Эгер Манас шаарын борборго айлантуу чечими чыгып кала турган болсо, биз даярбыз. Бирок, дагы кичине иштөө үчүн убакыт керек. Андай чечим азырынча чыга элек. Бүгүнкү күндө борбордун жылышына даярдыгыбыз азыраак десем болот”,- деген мэр.