Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең 27-сентябрда өлкө аймагында жамгыр жаабайт. Шамалдын багыты улам өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;
Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27;
Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Бишкекте эртең күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн14…16°, күндүзгү 28…30° болот. Секундасына 1-6 метрге жеткен шамал жүрүп турат.