Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең 18-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17°,
Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18°,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24°,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13°,
Нарында түнкүсүн -2…6, күндүз 12…17°,
Бишкекте эртең күндүз жаан чачын болбойт, түнкүсүн жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 15…17° градус жылуу болот.. Секундасына 4-9 метрге жеткен шамал жүрүп турат.