1-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 8…13;
Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 8…13;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;
Нарында түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…+2;
Эртең, Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 8…10 градус.