20-августта Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;
Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21;
Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 30…32°.