Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу жараяны башталды

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу башталды. Акция 15-февралга чейин уланат. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору өз бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштей турганын билдирди.
Күбөлүктү алмаштыруу үчүн айдоочулар борбордун бөлүмдөрүнүн бирине жеке өзү кайрылып, жанына паспорт, 083 формасындагы медициналык маалым катты жана эски айдоочулук күбөлүктү алып баруусу керек. Бир айлык мөөнөттө алмаштырууга үлгүрбөгөн жарандар, бул кызмат акча төлөшү керек болот. Акциянын алкагында күбөлүктү онлайн түрдө алмаштырууга болбойт.
Борбордун бардык филиалдары 18-январга чейин дем алышсыз иштейт. «Биримдик» филиалы жана Ош регионалдык бөлүмү жарандарды түнкү саат 01:30га чейин кабыл алат. Шаардагы «Аю Гранд» филиалынан тышкары, сутка бою иштеген «Биримдик-24», региондор аралык филиал (Военно-Антоновка) жана Таш-Дөбөдөгү (Воронцовка) бөлүмдөр да кызмат көрсөтөт.
Ал эми башка учурларда (мисалы, күбөлүктүн мөөнөтү бүтүп калганда) «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн алмаштыруу мүмкүн. Бул кызмат 17-ноябрдан бери иштеп жатат. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев белгилегендей, санариптештирүү кезектерди кыскартып, мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетет. Жаңы күбөлүктү курьер аркылуу жеткирүүнүн баасы 200 сомду түзөт.