Кыргызстандагы социалдык объектилердин эскилиги жетип, колдонуу мөөнөтү бүткөн. Эски имараттарда көп учурда замандын талаптарына жооп бербеген инженердик системалар, жылытуу жана суу системаларынын бузулушу байкалган. Социалдык объектилердин жаңылануусу соңку жылдары активдешкен. Айрыкча аймактарда мектептерди, ооруканаларды, спорттук комплекстерди жана башка коомдук жайларды куруу жана оңдоо иштери башталды. Бул процесс жергиликтүү калк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, өлкөдөгү социалдык инфраструктуранын жакшыртылышына өбөлгө болууда.
Массалык түрдө салынып, оңдолуп жаткан социалдык объектилер тууралуу сөз кылабыз.
Белгилүү болгондой акыркы мезгилде бюджеттен бул максатта мурдагыга салыштырмалуу каражат көп бөлүүнө баштады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Балдарыбыздын билим сапатын жакшыртуу үчүнбилим уяларынын көйгөйүн чечүүгө ыкчам киришип, мектеп имараттарынын курулушун масштабдуу түрдө баштайбыз. Билим уяларын жаңыртабыз. Мамлекеттин акчасынын көпчүлүк бөлүгүн мектептер менен мугалимдерге жумшайбыз» деген.
Өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражаттардын көбөйүшү социалдык объектилердин курулушун жана жаңылануусун тездетүүдө. Мындан тышкары, эл аралык уюмдардан жана жеке сектордон тартылган инвестициялар дагы инфраструктуранын жаңылануусуна салым кошууда.
Алгач мамлекеттеги аябай көп объектини кантип оңдошот деген сөздөр болгон. 2020-жылдан 2022-жыл аралыгында 250гө чукул,ал эми 2023-жылы 300гө чукул имарат жаңыланды.
Бул мурдагыга салыштырмалуу рекорддук көрсөткүч. Себеби мурда, 1 жылда ашып кетсе 10го жетпеген мектеп салынып, ал дагы чоң жетишкендик болчу.
Бюджетте акча жок,социалдык объект салмак тургай, башка нерсени кыла албаган дефиццит бар эле.
Азыр болсо бюджет дефицити жоюлуп, мамлекетти жаңыдан куруу доору башталды.
Мисалы, 2024-жылга соцобъектилердин курулушуна бюджеттен 10 млрд сом каржылоо пландалган. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 1-октябрына карата республика боюнча 122 объект бүткөрүлгөн. Алардын ичинен жаңы курулганы — 79 объект, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү –34, таза суу объекттери – 9. Анын ичинен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100-жылдыгына карата 43 объект пайдаланууга тапшырылды. Жыл аягына чейин болжолдуу түрдө дагы 70 соцобъекттин курулушун бүткөрүлдү.
Ал эми капиталдык оңдоп-түзөө иштерине муктаж болгон мекемелеринин 10 объектиси киргизилип, казынадан бөлүнгөн каражат 62 258,2 миң сомду түзгөн.
Жогоруда айткандардан сырткары Баткендиин алыскы Зардалы айылына бара турган жол салына баштады. Былтыр октябрда башталган курулуш иштерин быйылкы жылдын ноябрь айында бүтүрүү пландалган. Ага болжол менен 500 млн сом жумшалат.
Жаңылануучу социалдык объектилердин курулушунда заманбап архитектура жана курулуш технологиялары колдонулуп жатат. Энергияны үнөмдөөчү технологиялар, коопсуздук талаптарына жооп берген долбоорлор, жана жашыл курулуш стандарттары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу — бул бардык жогорку сапаттагы социалдык объектилердин курулушунда маанилүү аспектилер.
Жаңыланган объектилердин узак мөөнөттүү туруктуулугуна көңүл бөлүү керек. Курулуштагы материалдардын сапаты, башкаруу жана тейлөө системаларынын жакшыртылышы — бул факторлор социалдык объектилердин ийгиликтүү иштешине таасир этет.
Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстанда социалдык объектилердин курулушу жана оңдолушу мамлекеттин экономикалык жана социалдык саясаттарындагы оң өзгөрүүлөрдүн белгиси болуп саналат. Бул процесстер аймактык теңдикти камсыз кылуу жана жергиликтүү калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү алууга жардам берет. Жакын арада мындай объектилерди куруу жана жаңылоо өлкөнүн жалпы өнүгүшүнө чоң таасир этет.