Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык биримдиктин 10 жылдыгына арналган тегерек үстөлдө 10 жыл — бул жөн гана сан эмес, ал бүтүндөй бир өзгөрүүлөрдүн жана өсүүнүн доору экени айтылды. Иш-чарага алдыңкы журналисттер жана эксперттер катышты.
Анда Кыргызстан жана башка ЕАЭБке мүчө өлкөлөр соңку он жылда жетишкен ийгиликтер менен кыйынчылыктар талкууланып, катышуучулар интеграциянын аймактагы экономика, маданият жана саясаттын өнүгүүсүндөгү маанисин белгилешти.
ЕАЭБге байланышкан мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар тууралуу маалымат таратууда Массалык маалымат каражаттарынын ролу да маанилүү экени айтылды. Журналисттердин айтымында, медиага коюлган талап — болгон окуяларды гана чагылдыруу эмес, коомго бул биримдиктин мүчө өлкөлөр жана бүтүндөй регион үчүн маанисин түшүнүүгө көмөктөшүү.
Алдыда Кыргызстан жана союзга мүчө башка мамлекеттер үчүн жаңы чакырыктар жана э4 сонун мүмкүнчүлүктөр күтүлөт.