«Евразия» маданий-эс алуу паркында Ак илбирстин күнү белгиленди

24.10.2025 | 22:10

«Евразия» маданий-эс алуу паркында Кыргызстан тоо жаратылышынын символу болгон Ак илбирстин күнүнө арналган иш-чаралар болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты — экологиялык баалуулуктарды балдар, өспүрүмдөр жана үй-бүлөлүк көрүүчүлөр арасында жайылтуу, ошондой эле кар барсын жана тоолуу экосистемаларды сактоонун маанисин түшүндүрүү болду.

Балдар үчүн табиятты аяр мамиле менен кабыл алууга үндөгөн интерактивдүү викториналар жана экологиялык оюндар уюштурулду. Мастер-класс павильондорунда катышуучулар Кар барсынын жана Кыргызстандын Кызыл китебине кирген башка жаныбарлардын сүрөтү түшүрүлгөн аквагрим жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Коноктордун өзгөчө көңүлү «Ак илбирс» темасындагы сүрөт көргөзмөсүнө бурулду. Күндүн жыйынтыгында сейрек кездешүүчү жырткычтын жашоо образын жана аны коргоо чараларын баяндаган «Алтай тоолорунун кожоюну» аттуу документалдык фильминин көрсөтүүсү болду.

Бул иш-чаралар 23–26-октябрь күндөрү Ак илбирстин жана анын экосистемаларын сактоо боюнча Глобалдык программа жана «Ирбис» межрегионалдык ассоциациясы менен биргеликте өткөрүлүүдө.

Scroll to Top