Евробиримдик Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүүгө 36 млн евродон ашык каражат бөлөт. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, COVID-19 өлкөнүн саламаттык сактоо тармагына жана социалдык-экономикалык кырдаалга терс таасирин тийгизүүдө. Мындан улам саламаттык сактоо тармагынын даярдыгын жогорулатуу жана калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүү керек.
Жогоруда айтылган каражат макрофинансылык туруктуулукту, социалдык коргоо жана азык-түлүк коопсуздугун, саламаттык сактоо тармагын колдоого, кризисти башкаруу жана жеке секторго жардам көрсөтүүгө багытталат.
Европа Биримдигинин Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу 30,8 миллион евро грантты камтыйт. Ал каражат бардык эки тараптуу процедуралар аяктагандан кийин бюджеттин тартыштыгын азайтуу үчүн түздөн-түз казыналыкка өткөрүлүп берилет. Бул каражат калктын аярлуу катмарын коргоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле башка тармак үчүн атайын каржылоону камтыйт.