«Биз кесиптештерибиз менен журналисттик иликтөө жасоону чечтик. Буга байланыштуу мен окуяны көргөн жергиликтүү тургундардан, ошол жерде жайгашкан жана видеокөзөмөл камералары бар уюмдардан жардам сурайм. Тергөөгө жардам бере турган видеожазуулары болсо, берүүнү сурайм. Бул кол салуу мага гана болгон жок, башка журналисттерди дагы коркутуу үчүн жасалды», – деди Болот Темиров.
FactCheck порталынын редактору Болот Темировго 9-январда Бишкекте белгисиз адамдар кол салып, сабак кетишкен. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда. Ал 12-январдагы социалдык тармактагы баракчасына бул аракеттердин баары аны коркутуу экенин дагы бир ирет жазып, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкере кылуу боюнча ишин улантарын билдирди.
Кылмышка шектүүлөр кармала элек. Буга чейин бул ишти ИИМдин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алганы кабарланган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы окуяны «Карактоо» беренеси менен тергеп жатат.