Фарид Ниязов эки айга камакка алынды

Фарид Ниязов эки айга камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттик апраттын мурданы жетекчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын карап, №1 тергөө абагына эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Reporter.kg басылмасынын кабарчысы жеринен билдиргендей, Фарид Ниязовго массалык баш аламандыкты уюштуруу боюнча айып тагылууда.

Белгилей кетсек, Фарид Ниязов 6-октябрга караган түнкү башаламандык учурунда Атамбаев жана анын өнөктөштөрү сыяктуу эле абактан чыгарылган.

9-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен саясатчы Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери Бишкектеги «Форум» ишканасынын алдында митинг өткөрүшүп, Андан соң  Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтына келишкен.

Митинг учурунда Садыр Жапаровдун тарапкерлери делген адамдар келип, натыйжада башаламандык болуп, ок атылган. Кийинчерээк социалдык тармактарда Алмазбек Атамбаевдин,  Сапар Исаковдун жана Өмүрбек Бабановдун унааларына ок атылганы тууралуу маалыматтар тараган.

10-октябрь күнү УКМК менен ИИМдин биргелешип өткөргөн операциясынан кийин Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев, 11-октябрь күнү Салайдин Авазов кайра кармалган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>