Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 104-орунга түшүп калды. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) расмий сайтында жарыяланды.
Команда мурдагы рейтингге салыштырмалуу бир позицияга төмөндөгөн. Жалпы рейтингде 210 команда бар. Алдыңкы бештикте Аргентина, Испания, Франция, Англия жана Бразилия командалары жайгашкан.
Кыргызстандын курамасы Азия футбол конфедерациясынын (АФК) алкагында 17-орунда турат.
Белгилей кетсек, буга чейин улуттук команда 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында КЭДР жана Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен беттеш өткөрүп, эки тең чыгуу жыйынтыгына жетишкен.
Ал эми Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы ФИФАнын рейтингинде 136-орунда турат.