Бишкек мэриясы шаардагы биринчи “Акылдуу аялдаманы” Т.Сатылганов атындагы филармониянын жанына орнотту. Долбоорду “Санариптик технологиялар борбору” ишке ашырууда.
Мэриянын маалыматына ылайык, электрондук табло реалдуу убакытта автобустун номерин жана келүү убактысын көрсөтөт. Ошондой эле керектүү багыт боюнча маршруттар тууралуу маалымат берет. Жүргүнчүлөр үчүн үн менен маалымат берүү функциясы да каралган.
Мэрия мындай аялдамаларды шаардын башка негизги жерлерине да орнотууну пландоодо.