Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Дастан Бекешев жеке менчикке өтүп кеткен маданият тармагына тиешелүү имараттарды кайтарынуу сунуштады.
Ал филармониянын Чүй -168А дарегинде жайгашкан эски имараттын кантип менчиктештирилгендиги боюнча Маданият министрлигинен маалымат сурады.
“Ал жерде диско клуб, түнкү клуб жайгашты, кийин “Тунгуч” театрына айланды. Азыр түнкү клуб иштеп жатат. Кантип менчиктештирилгенин иликтеп чыккыла”, — деп тапшырды депутат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз