Site icon Reporter.kg

Физиевдин сыны боюнча Муфтият үн катты

Муфтият коркутуп-үркүтүү, кысым кылуу менен алектенбейт. Спортчу Рафаэль Физиевдин дооматы жалган. Бул туурасында Reporter.kg’ге Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтуусунда, Физиев эмне себептен мындай дооматтарды коюп жатканына түшүнө албай жатат. Анткени, муфтият диний баалууктарды жайылтып, агартуу менен гана алек. Балким спортчуга бир киши чалса, ал деген муфтиятка тийишитиги жок да.

Буга чейин спортчу Рафаэль Физиев муфтият кысымга алып жатканын, анын кесепетинен Кыргызстандан үй-бүлөсү менен чыгып кетээрин, алтургай Кыргызстандын атынан спорттук беттештерге чыкпаарын жар салган болчу.

«Мени эч нерсе байланыштырбайт». Физиев мындан ары Кыргызстандын атынан чыкпайт

Exit mobile version