Франциялык Морис аттуу короз узакка созулган соттук териштирүүдөн кийин жеңишке жетти. Рошфор шаардык соту аны таң сүрүлгөн маалдан баштап каалашынча кыйкыруу укугун кайтарып берди.
4 жашар короз Франциянын атлантика жээгиндеги Олерон аралында жашайт.
2017-жылы Жану-Луи Бирону аттуу адам “таң эрте уйкуму бузат” деп, Мористи жана анын ээси Коринн Фессону сотко бергенден кийин ал өзү жашаган чөлкөмгө таанымал болгон.