Бишкек шаарында жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлүп жатканына байланыштуу 2025-жылдын 24-июлунан 30-августуна чейин, Фрунзе көчөсү менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинин батыш тарабы жабылат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ибраимов көчөсүнүн чыгыш тарабында — Огонбаев көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейин эки тараптуу альтернативдүү кыймыл уюштурулат.
Мэрия ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.